Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-сентябры № 75/21-6
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.05.2015-жылдагы № 71/20-06 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэриясынан жана шаардын тургундарынан, мекеме-ишканалардан түшкөн сунуштарды жана шаардык кеңештин бюджет экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.С.Жетешикованын кошумча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара- Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.05.2015-жылдагы № 71/20-06 токтомундагы Каскад Токтогул ГЭС тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга бекитилген 1225,0миң сом каражаттын эсебинен 1018,4миң сом каражат тиркемеде көрсөтүлгөн иш чараларга каржылансын. (тиркелет)
2.Кара-Көл шаардык кеңешинин 14.05.2015-жылдагы №71/20-06 токтомунун 13-пунктунда “Күрөш залын курууга” шаардык бюджеттин эсебинен үлүш катары каралган 2900,0миң сом күрөш залын курууга каржылансын. Күрөш залын куруу боюнча жалпы сметалык баа (5897,0миң сом ) тендерге коюлуп, быйылкы жылдын эсебинен 2900,0миң сомдук жумуш аткарылсын. Калган 3000,0миң сом каражат 2015-жылдын жыйынтыгы менен бош калган жана үнөм каражаттардын эсебинен каржылансын.
3.Каскад Токтогул ГЭС мекемеси тарабынан көрсөтүлгөн кызмат акысы боюнча 2015- жыл ичинде пайда болгон кредитордук карызды шаардык бюджеттин 2015-жылдын жыйынтыгы менен бош калган жана үнөм каражаттын эсебинен ШММБнын тиешелүү беренеси аркылуу каржылоого уруксат берилсин.
4. Шаардык каржы бөлүмү ( Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомго ылайык шаардык бюджеттин 2015-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча тиешелүү тактоолорду ( уточнение) киргизсин.
5.Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга ( Койчиев М.Д.), шаардык каржы бөлүмүнө ( Осмонкулов Ж.Т.) жана шаардык бюджеттен каржыланган тиешелүү мекемелерге, ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Төрага | Женбеков М. К. |
| Кара-Көл шаардык кеңештин 2015-жылдын 9-сентябрындагы № 75/21-6токтомуна 1- тиркеме |
№ | Жергиликтүү бюджеттен каражажат бөлүнүүчү иш-чаралардын аталышы | Каржылоонун булагы | Каржылануучу сумма ( миң сом) | Эскертме |
1. | Жазы –Кечүү айылдык аймактык башкармалыгынын Кочкор –Дөбө участкасына баруучу жолду оңдоо | 2015-жылга Каскад Токтогул ГЭС тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга бекитилген 1225,0 миң сом каражаттан | 60,0 |
|
2. | Кара-Көл шаарынын тургуну , Кара-Көл шаардык аксакалдар сотунун төрагасы М.Абыкановго материалдык жардам | 2015-жылга Каскад Токтогул ГЭС тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга бекитилген 1225,0 миң сом каражаттан | 50,0 |
|
3. | Жазы-Кечүү айылынын тургуну К.Темиркуловго материалдык жардам | 2015-жылга Каскад Токтогул ГЭС тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга бекитилген 1225,0 миң сом каражаттан | 50,0 |
|
4. | Манасчы С.Турсунбаевге “ Түрк элдеринин маданияты” аттуу конференцияга катышууга улуттук кийим тиктирүү үчүн | 2015-жылга Каскад Токтогул ГЭС тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга бекитилген 1225,0 миң сом каражаттан | 30,0 |
|
5. | Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарында өтүүчү Спартакиадага муниципалдык кызматкерлердин командасынын катышып келүүсүнө | 2015-жылга Каскад Токтогул ГЭС тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга бекитилген 1225,0 миң сом каражаттан | 139,4 |
|
6. | Жазы-Кечүү айылдык аймактык башкармалыгынын жайыт жерлеринин курамын , сапатын, жайыттардын аянтын, жана түшүмдүүлүгүн тектерүү үчүн көрсөтүлгөн кызматка | 2015-жылга Каскад Токтогул ГЭС тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга бекитилген 1225,0 миң сом каражаттан | 188,0 |
|
7. | Кыргыз Республикасынын футбол боюнча U-15 чемпионатына катышууга | 2015-жылга Каскад Токтогул ГЭС тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга бекитилген 1225,0 миң сом каражаттан | 114,1 |
|
8. | Токтогул атындагы № 1 орто мектептин ашканасын, спорт залын жана чарбалык имаратын ремонттоого ( кошумча иштерге) | 2015-жылга Каскад Токтогул ГЭС тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга бекитилген 1225,0 миң сом каражаттан | 386,9 |
|
|
Жалпы: |
| 1018,4 |
|
Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси | К.И.Нурматова |