Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-сентябры № 76/21-6
“Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотторунун учёттук каттоосун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Кара-Көл шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотторунун учёттук каттоосун жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (1-тиркеме);
Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотунун учёттук каттоосу жөнүндө күбөлүктүн үлгүсү (2-тиркеме);
Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн күбөлүгүнүн үлгүсү (3-тиркеме).
2. Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотторунун учёттук каттоосун жүргүзүү укугу чечим кабыл алуу жолу менен Кара-Көл шаардык шаардык кеңештин мандат, регламент ,укуктук маселелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына ыйгарылсын.
3. Кара-Көл шаарынын мэриясы:
Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотторунун иши менен байланышкан бардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүнү камсыз кылсын;
Кыргыз Республикасынын "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Көл шаарынын шаардык жана аймактык соттору менен бирдикте аксакалдар сотторуна усулдук жардам көрсөтүү боюнча ишти жүргүзүүнү сунуштасын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кара-Көл шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.Орунова) жана Кара-Көл шаарынын вице-мэрине (Г.Сатарова) жүктөлсүн.
Төрага: | Женбеков М.К. |
| Кара-Көл шаардык кеңешинин 09.09.2015-жылдын № 76/21-6 токтомуна 1 -тиркеме |
Бул жобо Кыргыз Республикасынын "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамына ылайык Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотторун учёттук каттоону тартипке келтирүү максатында иштелип чыкты.
1. Жалпы принциптер
1. Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотторун учёттук каттоо Кара-Көл шаардык кеңеши тарабынан жүргүзүлөт.
2. Учёттук каттоо Кыргыз Республикасынын "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамында каралган аксакалдар сотторунун милдеттерин жана иш-милдеттерин аткаруу үчүн негиз болуп саналат.
3. Учёттук каттоо аксакалдар сотторунун иш-аракеттеринин төмөнкү принципте түзүлгөн чек аралардын чектеринде жүргүзүлөт:
- эгерде тургундардын саны 25 миңден ашпаса - бир аксакалдар соту;
- эгерде тургундардын саны 25 миңден 50 миңге чейин түзсө - эки аксакалдар соту;
- бир квартал, бир аймактык башкармалык - бир аксакалдар соту.
2. Аксакалдар соттору тарабынан учёттук каттоо үчүн берилүүчү документтер, аларды берүү мөөнөттөрү жана тартиби
4. Аксакалдар сотторун учёттук каттоо үчүн Кара-Көл шаардык кеңешке документтердин топтому берилет.
5. Кыргыз Республикасынын "Аксакалдар соттору жөнүндө" Мыйзамын 12-беренесинде көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, аксакалдар сотторунун учёттук каттоосун өткөрүү үчүн берилүүчү документтер:
- аксакалдар сотунун учёттук каттоосу жөнүндө арыз;
- аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн аты-жөнүн, туулган жылын, бул аймакта жашаган мезгилин, билимин көрсөтүү менен алардын кол тамгалары менен тизме;
- аксакалдар сотунун уюмдаштыргандыгын жана анын мүчөлөрүнүн шайлангандыгын тастыктаган бул аймактын тургундарынын чогулушунун протоколу;
- Кара-Көл шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгынын мөөрү менен бекитилген, чогулушка катышкан жарандардын кол тамгалары менен тизме;
- аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү.
6. Каттоого берилген документтер көктөлгөн жана номерленген болуусу керек.
7. Кара-Көл шаардык кеңеш аксакалдар сотторун учёттук каттоо үчүн берилген документтердин аныктыгын текшерүүгө укуктуу.
8. Кара-Көл шаардык кеңеш төмөнкү учурларда учёттук каттоо жүргүзүүдөн баш тартат:
- документтер толук эмес же анык эмес болгондо;
- аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө карата коюлган талаптарга туура келбегендиги аныкталганда;
- бул аймактын тургундарынын чогулушун даярдоо жана өткөрүү жол-жобосу бузулган фактылар табылганда.
9. Аксакалдар сотун учёттук каттоодон баш тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
3. Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотторунун учёттук каттоосун жол-жоболоштуруу
10. Кара-Көл шаардык кеңештин сессиясы Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотторунун учёттук каттоо жөнүндө чечимди кабыл алат.
Кара-Көл шаардык кеңештин сессиясы аксакалдар сотторун учёттук каттоо жүргүзүүнү Кара-Көл шаардык кеңештин профилдик туруктуу комиссиясына ыйгарууга, берүүгө укуктуу.
11. Кара-Көл шаардык кеңештин ыйгарым укуктуу адис жүргүзгөн Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотторун учёттук каттоо журналына учёттук каттоо киргизилет.
12. Учёттук каттоодон өткөн Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотторуна белгиленген үлгүдөгү Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотунун учёттук катталгандыгы жөнүндө күбөлүгү берилет.
13. Кара-Көл шаардык кеңеште учёттук каттоодон өткөн Кара-Көл шаарынын аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө күбөлүк берилет. Аксакалдар сотторунун төрагасы же мүчөсү соттун курамынан чыгарылган учурда мурда берилген күбөлүк Кара-Көл шаардык кеңешке кайтарып алынат жана күчүн жоготту деп саналат.
14. Аксакалдар сотунун иш-аракеттеринин чек аралары өзгөргөн учурда, жаңы түзүлгөн аксакалдар соту бул жобо тарабынан белгиленген тартипте учёттук каттоодон өтөт.
Кара-Көл шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| Нурматова К.И. |
|
| Кара-Көл шаардык кеңешинин 2015-жылдын __09 сентябрындагы № 76/21-6 токтомуна 2-тиркеме |
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Аксакалдар сотунун учёттук каттоосу жөнүндө
№ ____ КҮБӨЛҮК
Кара-Көл шаары |
| 201__-жылдын "__" ________ |
Бул күбөлүк Кара-Көл шаарынын ____________________________ (кварталдын аталышы) кварталынын Кара-Көл шаарынын аймагында жайгашкан ______________________________________ (Аксакалдар сотунун аталышы) аксакалдар сотуна Кара-Көл шаардык кеңеште 201__-жылдын "__" __________ № ____ учёттук каттоодон өткөндүгү жөнүндө берилди жана
______________________________________________________________________________________________________
________________________________________________ (чектердин аталышы) аймактын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз иш-аракетин жүзөгө ашырат.
Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасы _____________________________ |
| (кол тамгасы) |
М.О. |
|
|
Кара-Көл шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| Нурматова К. |
Кара-Көл шаардык кеңешинин 09.09.2015-жылдын № 76/21-6 токтомуна 3 -тиркеме |
| Кара-Көл шаардык кенеши КУБОЛУК № ____
___________________________ (ФАА) |
|
| Кара-Кульский городской кенеш УДОСТОВЕРЕНИЕ № ____
___________________________ (ФИО) | ||
____________________________________________ ____________________________________________(кызмат орду) |
| ________________________________________________ ________________________________________________ (должность) | ||||
"__" ______________ 20__ жылга чейин жарактуу
Кенештин торагасы (колу) |
|
Действительно по "__" _____________ 20__ года
Председатель кенеша (подпись) | ||||
|
|
| ||||
Кыргыз Республикасы |
| Кыргызская Республика | ||||
ГЕРБ |
| ГЕРБ | ||||
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АКСАКАЛДАРДЫН СОТУ |
| СУД АКСАКАЛОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ | ||||
Эскертүү:
1. Күбөлүктүн сырты – кызыл түстө.
2. Аксакалдар сотунун аталышы - алтын түстө.
3.Үлгү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сотторунун 10.12.2002-жылдагы чогулушунун № 17 протоколу менен бекитилген аксакалдар сотунунун мүчөсүнүн бирдиктүү үлгүсүнүн негизинде иштелип чыкты.
Кара-Көл шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси: |
| К.Нурматова |