Загрузка документа…
Кара-Көл шаардык кеңешинин 2016-жылдын 6-майындагы № 85/28-6 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-сентябры № 79/21-6
“ Кара-Көл шаарынын мэри М.Д. Койчиевдин 26.08.2015-жылдагы № 05-23/1577 сандуу кайрылуу каты жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин 26.08.2015-жылдагы №05-23/1577 сандуу кайрылуу катындагы Кетмен-Төбө шаарчалык аймактык башкармалыгынын калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча проекттик документтери даярдалып , бүтүп калгандыгына байланыштуу жер астында жаткан муздак суунун темир түтүкчөлөрүн полиэтилен түтүкчөлөрүнө алмаштырууга макулдук берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кара- Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Төбө шаарчасын таза суу менен камсыз кылуучу жер астында жаткан темир түтүкчөлөрдү пластик түтүкчөлөрүнө алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевге жумушту аткаруучулар менен келишим түзүүдө мыйзам чегиндеги иштерди алып баруу , шаардык бюджеттен суу чыгарууга каражат сурабай жумушту бүтүрүү милдеттендирилсин.
3. Алмаштырылуучу пластик трубалардын сапаты 20 атмосфералык басымга туруштук бере ала турган жана пластик түтүкчөлөрүнүн диаметри Кетмен-Төбө шаарчасынын келечектеги өнүгүүсүн, калктын санынын өсүшүн эске алуу менен калкты суу менен үзгүлтүксүз камсыздай ала турган болуусу талап кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэрине (М.Д.Койчиев), ММБнын башчысына ( К.С.Сарбалаев) , Кетмен-Төбө шаарчалык аймактык башкармалыктын башчысына ( А.Мурзалиев) , ал эми көзөмөлдөө жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, архиткетура, турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Кыргызалиев Б.Н ) жүктөлсүн.
Төрага | Женбеков М.К. |