Загрузка документа…
СЕМЕНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-августу № 1
Ырчы, обончу Канымгүл Досманбетованын ысымын Семеновка айылдык маданият үйүнө ыйгаруу жөнүндө
Семенов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Бугубаев Түгөл Асылташович Бишкек шаарындагы “Кожояр Ата” коомдук фондунун төрагасы А.Келгенбаевдин Кыргыз элинин XX кылымдагы көрүнүктүү ишмери , обончу, композитор жана аткаруучу Канымгүл Досманбетованын 80жылдык мааракесине карата Семеновка айылындагы көчөлөрдүн бирине анын ысымын ыйгаруу сунушу менен кайрылгандыгы жөнүндөгү маалыматы менен тааныштырып жана талкуулап, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөңүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-2-7- беренелерине ылайык
Семенов айылдык аймагынын айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз элинин көрүнүктүү ишмери , обончу, композитор , аткаруучу Канымгүл Досманбетованын ысымы Семеновка айылдык маданият үйүнө ыйгарылсын жана мындан ары Канымгүл Досманбетова атындагы маданий борбор болуп аталсын.
2. Аталган имаратка Канымгүл Досманбетованын өмүрү, чыгармаларын чагылдырган бурч уюштурулуп, атайын көрсөтмө такта мамлекеттик жана расмий тилде жазылып илинсин.
3. Канымгүл Досманбетованын ысымын берүүгө байланышкан бардык чыгымдар Досманбетованын үй-бүлөсүнүн жана туугандарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Аныкталган токтомду каттоо жана мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин
5. Токтом жарыялангандан кийин он күндөн кийин күчүнө кирет.
6. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Турдакунов Анварбек Темирбековичке жүктөлсүн.
Төрага | Т Бугубаев |