Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-июну № 283
Ош шаарынын мэриясына, Ош шаарынын таза-суу жана саркынды суу системаларын реабилитациялоо долбоорунун II фазасын ишке ашыруу үчүн кредит алууга макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 13-августундагы 314/08-6, Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы, Европалык Союздун Борбордук Азиядагы инвестициялык фонду, Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын Суу боюнча фонду жана Европалык инвестциялык Банкы тарабынан каржылануучу Ош шаарынын таза-суу жана саркынды суу системаларын реабилитациялоо долбоорунун II фазасын ишке ашыруу үчүн 9 750,0 миё евро (анын ичинен 5,0 млн.евро грант түрүндө, 4 750,0 миё. евро кредит түрүндө) суммасында кредит алууга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеёешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 13-августундагы №15-токтомун карап чыгып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын мэриясына, «Ош шаарынын таза-суу жана саркынды суу системаларын реабилитациялоо» долбоорунун II фазасын ишке ашыруу үчүн 4750,0 миё евро кредит алууга макулдук берилсин.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеёешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Төрага | У.Примов |