Редакцияот 24.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI чакырылышынын III кезекcиз сессиясынын

 

2015-жылдын 24-февралы № 4/4

Жумгал районунун аймагында таза суу боюнча райондук денгээлде  муниципалдык ишкана ачууга макулдук берүү жѳнүндѳ

Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевдин сунушун эске алып, айылдык Кеңештин депутаттарынын билдирүулѳрүнг угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жумгал районунда таза суу боюнча райондук деңгээлде муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилсин;

2. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн

3. Токтомдун аткарылышын контролдоо   жагы «Кызарт-Эл булагы» ИСКАКБ сынын башчысы А.Сатаровага  жүктѳлсүн.

 

Төрага

Б.Жумаева