Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июлу № 2
“Кормоцех участкасындагы жаңы 225 орундуу орто мектебине Социалистик Эмгектин Баатыры Камал Султановдун атын ыйгаруу жөнүндө”
Күн тартибиндеги экинчи маселени карап жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Кормоцех участкасындагы жаңы 225 орундуу орто мектебине Социалистик эмгектин Баатыры Камал Султановдун аты ыйгарылсын.
Мектепке керектелүүчү юридикалык документация иштерин жүргүзүү жагы Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысынын М. Султанов эмгек өргуудө болгондугуна байланыштуу убактылуу милдетин аткаруучу Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Орозалиевге милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сакалды айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т. Исмаиловго милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары | Таалай Исмаилов |