Редакцияот 10.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыз-Көл айылдык кеңешинин он сегизинчи  сессиясы

 

2015-жылдын 10-июну № 1

 Жер тилкесин которуу жөнүндө

Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кушбаковдун кайрылуусун жана даярдалган иш кагаздарды, материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,13,15,25,31-беренелерине, Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жерлерди которуу жөнүндөгү” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  14.02.1998-жылдагы № 66,19.03.2014-жылдагы № 169 токтомдоруна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүнөзү башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыз-Көл айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Көк-Булак участкасындагы № 22-контурдан 10,0га жер аянты көп жылдан бери Жалал-Абад шаарында жайгашкан № 704 аскер бөлүгүок атуучу талаа катары пайдаланып келгендигине жана малекеттик муктаждыктарга байланыштуу айыл чарба багытындагы жерлери категориясынан жайыт жеринен коргонуунун жерлери категориясына которууга уруксат берилсин.

Кыз-Көл айылдык кеңешинин  ушул токтомун мыйзамдык актыларга негиз аткарылышы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы А. Кушбаковго жана жайыт комитетинин төрагасы Ж. Раевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж. Калимбетов