Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-июну № 22/1
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 30.05.2009-жылдагы VII- cессиясынын 7/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын 24.06.2015-жылдагы № 69-0 кайрылуусун жана Көк-Жаңгак шаардык кеңештин 30.03.2009-жылдагы 7/3 кабыл алынган токтом менен таанышып чыгып мурдагы №1 бала бакчасын Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмүнө кайтырып алуу үчүн , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.05.2013-жылдагы № 219 буйругунун негизинде, мектепке чейинки билим алуу укугун камсыз кылуу үчүн, Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү тутумун өнүктүрүү максатында Көк-Жаңгак шаардык кеңештин (VI-чакырылышы) ХХII-сессиясы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 10-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жаңгак шаардык кеңештин эл депутаттарынын 30.05.2009-жылдагы VII-сессиясынын 7/3 кабыл алынган токтому жокко чыгарылсын.
2.Токтомдун мыйзамдуу түрдө жана Кыргыз Ресубликасынын Өкмөтүнүн 30.05.2013-жылдагы № 219 буйругунун аткарылышын Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж.Юсуповго жүктөлсүн.
3.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Г.Садыковага) тапшырылсын.
Төрага | К.Курбанов |