Редакцияот 05.09.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Айыл Кеңешинин кезектеги 5-чакырылыш 14-сессиясынын

 

2014-жылдын 5-сентябры № 119

Эркин-Тоо айылынын аймагында  көрүстөн жайына ылайыктуу жер жоктугуна байланыштуу, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кургак участкасынан кайра бөлүштүрүү фондусунан жер алмашуу жөнүндөгү Кызыл-Тоо айыл кеңешинин 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 20 сандуу өтүнүч каты жөнүндө

Эркин-Тоо айылынын аймагында көрүстөн жайына ылайыктуу жер жоктугуна байланыштуу, Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кургак участкасынан кайра бөлүштүрүү фондусунан жер алмашуу жөнүндөгү Кызыл-Тоо айыл кеңешинин 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 20 сандуу өтүнүч катын талкуулап, көпчүлүк депутаттардын добушунун негизинде айыл кеңешинин 5-чакырылыш 14-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Эркин-Тоо айылынын аймагында көрүстөн жайына ылайыктуу жер жоктугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык жана Кызыл-Тоо айыл кеңешинин 2014-жылдын 2-апрелиндеги № 20 сандуу өтүнүч катын талкуулап, көпчүлүк депутаттардын добушунун негизинде Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Кургак участкасынын кайра бөлүштүрүү фондусунан 2 (эки ) га жер кайрак чоп ормо жер аянты Кызыл-Тоо айыл өкмөтү менен алмашылсын.

 

2. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнөн алмашууга берилүүчү жерди тактоо, эл пайдалана турган, мал баспай турган, ыңгайлуу жерди  караштыруу үчүн Салам-Алик айыл кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн биргелешкен төмөндөгү комиссия курамы түзүлсүн:

 

1. Кунаев Шухрат     -Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты, комиссиянын  төрагасы;

2.  Нуралиев Насирдин   -Салам-Алик айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү;

3.  Сыдыков Жыргалбек     -айыл кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

4.  Жунусалиев Пазыл -айыл кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

5. Бешимбаев Айтбай -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана комуналдык менчиктери боюнча башкы адиси, комиссиянын мүчөсү;   

6.  Нуралиев Жылдызбек -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси, комиссиянын мүчөсү;

7. Назарматов Сүңүнбек -салам-Алик айыл кеңешинин депутаты, комиссиянын мүсөсү;

 

3.  Жогорудагы түзүлгөн комиссиянын бүтүмү кандай чечсе ошого жараша иш алып барылсын.

4. Токтомду аткарууну жана көзөмөлгө алууну айыл кеңешинин айыл, мал жана токой чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

П.Жунусалиев