Редакцияот 05.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Айыл Кеңешинин кезектеги 5-чакырылыш 14-сессиясынын

 

2014-жылдын 5-сентябры № 122

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кош-Этер айылындагы Таш-Кыя участкасындагы борбордук көчөгө атуул, маркум үркүнбаев Бакыштын ысымын ыйгаруу  жөнүндө

Кош-Этер айылындагы Таш-Кыя участкасындагы жашоочуларынын арыз-кайрылууларына ылайык борбордук көчөгө атуул, маркум үркүнбаев Бакыштын ысымын ыйгаруу жөнүндө айыл кеңешинин 5-чакырылыш 14-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кош-Этер айылындагы Таш-Кыя участкасындагы айылдын эски тегирменинин тушунан Окелов Төрөбайдын үйүнө чейинки борбордук көчөгө атуул, маркум үркүнбаев Бакыштын ысымы ыйгарылсын жана “үркүнбаев Бакыш” атындагы көчө деп аталсын.

2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин  мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

П.Жунусалиев