Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-февралы № 11-7
Найман айыл өкмөтунүн аппарат кызматкерлеринин маршруттук каттамынын жол акысына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин кызматтык сапарында маршруттук каттамынын жол акысына өзгөртүү киргизүү максатында Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күйүүчү майдын кымбаттап кеткендигине байланыштуу Найман айыл өкмөтүнүн аппарат ызматкерлеринин маршруттук каттамынын жол акысына өзгөртүү киргизилсин.
2. Найман-Ноокат каттамынын жол акысы 120(жүз жыйырма ) сом, Найман-Ош каттамы 320 (үч жүз жыйырма)сом болуп бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Маматисаевге тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Эрматов |