Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-апрели № 19-3
Найман айылы 01.04.2015-жыл Найман айыл өкмөтүнүн Найман айылынын элин таза суу менен камсыз кылууда таза сууга болгон төлөмдөрдүн тарифин бекитүү жөнүндө
“Найман таза суу” СООПВ нын арызынын негизинде Найман элин таза суу менен камсыз кылууда сууга болгон төлөмдөрдүн тарифин бекитүү максатында Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Найман таза суу” СООПВ нын жетекчисинин жазган арызын карап чыгып, Найман айылынын элин таза суу менен камсыз кылууда сууга болгон төлөмдөргө тарифтер төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- 2014-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин – сырттан ташып ичкен жарандар үчүн ар бир адамга 5(беш) сом өлчөмүндө, ал эми үйүнүн коргонунун ичинен суу чыкса анда ар бир адамга 20 (жыйырма) сомдон төлөнсүн.
- 2015-жылдын январь айынан баштап ар бир адамга 20(жыйырма) сомдон болуп бекитилсин.
Таза сууга болгон төлөмдөрдү тактоо жана мыйзапм чегинде иш алып баруу жана ар бир үйгө суу эсептегичтерин орнотуу СООПВнын жетекчилигине милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Найман айылдык Кеңешинин “Экономика,бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов |