Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-апрели № 19-4
Найман айыл өкмөтүндө турмуш-иричилик калдыктарын сактоочу жай уюштуруу жөнүндө
Найман айыл өкмөтүндө турмуш –тиричилик калдыктарын таштоочу жай уюштуруу максатында Найман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл өкмөтүндө турмуш-тиричилик калдыктарын таштоочу жай Найман айылынын Ынтымак көчөсүнүн аягында жайгашкан мурда карьер болуп турган жер уюштурулсун.
2. Карьердин ордун таштанды таштоочу жайга ылайыкташтыруу боюнча экология жана архитектура, мамлекеттик каттоо органдары тарабынан керектүү документтерди тактоо иштери Найман айыл өкмөтүнүн жер,коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси А.Тешебаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экология,жаратылыш,транспорт,курулуш,архитектура,дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш. Эрматов |