Редакцияот 28.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жар айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз он тогузунчу сессиясы

 

2015-жылдын 28-майы № 21-1

 Найман айыл өкмөтүнүн бюджетинин  016-2018-жылдарга бюджеттин орто  өөнөттүү болжолу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-мартындагы №103-б буйругун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2015-жылдын 23-мартындагы №29-01-1/2878 катын,Ноокат райондук финансы бөлүмүнүн 2015-жылдын 24-апрелиндеги №21 «2016-2018-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун даярдоо боюнча » катын аткарууга алуу максатында Найман айылдык Кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Найман айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканалардан келип түшкөн расчеттордун негизинде айыл өкмөттүн бюджетинин 2016-2018-жылдарга иштелип чыккан бюджеттин болжолу жактырылсын.

2.  Жактырылган бюджеттин долбоорунун негизинде иш алып баруу жана бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү боюнча иштерди аткаруу Найман айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ш. Эрматов