Редакцияот 18.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (АЛТЫНЧЫ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ IХ СЕССИЯСЫНЫН

 

2015-жылдын 18-февралы № 9/1

”Кара-Суу шаарындагы канализация жана тазалоочу курулмалардын курулуш долбоорун жактыруу жөнүндө”

Кара-Суу шаарынын инфраструктурасын ондоп, санитардык абалын жакшыртуу максатында «Булганыч сууларды тазалоо боюнча курулманы» куруу үчүн Европалык Банктын өкүлдөрү жана Mott MacDonald  компаниясынын эксперттери менен Кара-Суу шаарындагы канализация жана тазалоочу курулмалардын курулуш долбоорун жактыруу максатында  Кара-Суу шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу шаарынын инфраструктурасын ондоп, санитардык абалын жакшыртуу максатында «Булганыч сууларды тазалоо боюнча курулманы» куруу үчүн Европалык Банктын өкүлдөрү жана Mott MacDonald  компаниясы тарабынан даярдалган Кара-Суу шаарындагы канализация жана тазалоочу курулмаларды куруу долбоору жактырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кенешинин тийиштүү туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р.Х.Хатамов