Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-февралы № 9/2
“Кара-Суу шаар мэриясынын 2015-жылдын 17-февралындагы №07 токтомун бекитип берүү жөнүндө”
Кара-Суу шаар мэриясынын 2015-жылдын 17-февралындагы чыгыш № 110 сандуу катынын негизинде “Кара-Суу шаарындагы Манас стадионунун батыш тарабындагы 6002 м2 (0,60га) жер аянтын 2 (эки) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдалануугуа берүү жөнүндөгү” №07 токтомун бекитип берүү үчүн Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнун башчысы А.Б.Миллер менен 2014-жылдын 8-10-сентябрь күндөрү жолугушуусу болуп өтүп, «Газпром-детям» программасы алкагында облустун жана райондун борборлорунда балдардын ден соолугун чыёдоо борборун курууну каржылоо жөнүндө келишиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14;68-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Кара-Суу шаардык Кеёешинин 2014-жылдын 1-декабрындагы «Кара-Суу шаарындагы Манас стадионунун батыш тарабынан балдардын ден соолугун чыёдоо борборун курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү» №8/11 токтомун, Кара-Суу шаардык мэриясынын 2015-жылдын 15-январындагы №1 токтомун, Кара-Суу шаардык жер участокторуна укуктарды берүү, курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын 2015-жылдын 30-январындагы №2 протоколун, Кара-Суу шаарынын мэриясы менен «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнун ортосунда 2015-жылдын 29-январында түзүлгөн меморандумунун негизинде”, Кара-Суу шаар мэриясынын 2015-жылдын 17-февралындагы “Кара-Суу шаарындагы Манас стадионунун батыш тарабындагы 6002 м2 (0,60га) жер аянтын 2 (эки) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү” №07 токтомун бекитип берилсин.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Х.Хатамов |