Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № XXII-9
«Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу» аркылуу «Айылды инвестициялоо 3 долбоорунун » негизинде түзүлгөн долбоорду конкурстук негизде кабыл алуу боюнча Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн конкурстук комиссиянын отурумунун 2015---жылдын 17--мартындагы Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы айылдарда өткөрүлгөн коомдук угууларда фокус-топтордун жана демилгечи топтордун сурамжылоо жыйынтыктарына негиз аныкталган көйгөйлөрдү ранжирлөө менен приоритеттештирүү жөнүндө» № 1--протоколун кароо тууралуу
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу» аркылуу «Айылды инвестициялоо 3 долбоорунун » негизинде түзүлгөн долбоорду конкурстук негизде кабыл алуу боюнча Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн конкурстук комиссиянын отурумунун 2015-жылдын 17-мартындагы Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы айылдарда өткөрүлгөн коомдук угууларда фокус-топтордун жана демилгечи топтордун сурамжылоо жыйынтыктарына негиз аныкталган көйгөйлөрдү ранжирлөө менен приоритеттештирүү жөнүндө» № 1-протоколу бекитилсин .(Протокол тиркелет).
2. Ушул токтом тиркемелери менен «Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосуна» жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | А.Ажибаев |
Ноокат районунун Т.Кулатов атындагы айыл аймагында «Коомчулукту өнүктөрүү жана инвестициялоо Агенствосу» аркылуу «Айылды инвестициялоо 3 долбоорунун» негизинде түзүлгөн долбоорлорду конкурстук негизде кабыл алуу боюнча Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн конкурстук комиссиянын отурумунун
Өткөрүлгөн орду: Кызыл-Булак айылы
Өткөрүлгөн убактысы: 17-март 2015-жыл
Катышуучулардын саны: 68 киши
Катышкандар: Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы, конкурстук комиссиянын төрагасы Н.Мадимаров алып барды.
Күн тартибиндеги маселе:
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы айылдарда өткөрүлгөн коомдук угууларда фокус-топтордун жана демилгечи топтордун сурамжылоо жыйынтыктарына негиз аныкталган көйгөйлөрдү ранжирлөө менен приоритеттештирүү жөнүндө.
Угулду:
Күн тартибиндеги маселе боюнча Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы , конкурстук комиссиянын төрагасы Н.Мадимаров чыгып сөз сүйлөп, Т.Кулатов айыл аймагындагы айылдардын тургундары менен биргеликте өткөрүлгөн коомдук угуулардын талкуусунда тизмектелген азыркы учурда чечүүгө жаткан көйгөйлөрдүн арасынан приоритеттүүсүн тандоо жолу менен ранжирлөө керектиги тууралуу сөз сүйлөп, конкурстук комиссия курамына айылдарда өткөрүлгөн коомдук угуулардын протоколдорун тапшырууга берди.
Отурумдун күн тартибиндеги маселе боюнча отурумга катышкан конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн тандоолоруна негиз чечүүгө жаткан айыл тургундарына зарыл болгон приоритетүү көйгөйлөрдү аныктоо менен критерийлерине ранжирлөө жүргүзүлдү.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап чыгып отурумдун катышуучулары
чечим кылат:
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы айылдардын АРИС тарабынан «Айылды инвестициялоо 3 долбооруна» катышу максатында өткөрүлгөн коомдук угуулардын протоколдорун талкуулоого негиз Т.Кулатов атындагы айыл аймагында азыркы учурда чечүү зарылдыгын жараткан жана приоритетүү көйгөй катары таанылган төмөндөгү көйгөй чечүү маселесине карата ранжирленсин:
Баглан айылындагы Баглан орто мектебинин имараты эскилиги жетип, анын ордуна жаңы заманбап имарат куру керек.
Ушул токтомду бекитип берүү жагы Т.Кулатов айылдык кеңешинен суралсын.
Добуш бергендер:
Макул ______ киши, каршы жок, калыс жок.
Конкурстук комиссиянын төрагасы: Н.Мадимаров
Конкурстук комиссиянын катчысы: Ф.Атамкулова
Мүчөлөрү:
_______________________ Шамшиева Майрам
_______________________ Чодонова Өктөм
_______________________ Исмаилова Асия
_______________________ Абдырахманова Тынара
_______________________ Маткаримов Курсан