Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № XXII-10
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2014-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү “Ходжа-Арык” суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчисинин 2014-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси М.Алайчиевдин 2014-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету, өткөрүлгөн элдик жыйындын протоколуна негиз, алымча кошумчасы менен канаатандырарлык деп эсептелсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү боюнча таза суу пайдалануучуларга төмөнкүдөй наркта сугат сууга көрсөткөн кызмат акы үлүштүк 1 (бир) сотых жер аянтына 6 (алты) сомдон, ал эми тамаркага 1 (бир) сотых жер аянтына 10(он) сомдон тариф бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин “айыл-чарба, суу,жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчиси Н.Мадимаровко жүктөлсүн.
Төрага | А.Ажибаев |
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Ходжа-Арык суу пайдалануучулар ассоциациясы.
Ходжа-Арык СПАсынын 2014-жылына карата жалпы өкүлдөрүнүн отчеттук жыйынынын
Кызыл-Булак айылы 2-февраль 2015-жыл.
Чогулушка катышкан өкүлдөр жана суу пайдалануучулар 40 киши.СПАнын кенешинин мүчөлөрү 9 киши.Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү 5 киши.
Чакырылгандар: Ноокат райондук суу чарба башкармасынан Камаров Арапбай ,Ноокат районундагы СПАларды өнүктүрүү боюнча башкы адиси Касымова Азамат, Т.Кулатов, Ынтымак айыл өкмөт башчылары Мадимаров Нурдин, Раимбердиев Досмухаммед, айылдык кенештин депутаттары А.Ажибаев, Ж.Нарматов, К.Рустамов, М.Мурзаев жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Ж.Паязов, А.Закиров, К.Маткаримов ж.б.
Чогулушту баштоо менен президумга 5 адам шайланып, чогулуштун төрагасына Көчкөнов Данияр жана катчысына Эшимбаев Нуркамил дайындалып регламент белгиленди.
Ходжа-Арык СПАсынын 2014-жылда аткарган жумуштар боюнча отчету . (15 минута маалымат берүүчү Көчкөнов Д. Алайчиев М.)
Насыя төлөмдөрүн кайтаруу боюнча маалымат (5 минут маалымат берүүчү Алайчиев М.)
СПАнын 2015-жылга каралган ички каналдарды кезектеги ондоодон өткөрүү боюнча иш-планы менен тааныштыруу (5 минут маалымат берүүчү М.Алайчиев).
СПАнын 2015-жылга каралган божомол бюджеттик иш-планын бекитүү (сугат сууга болгон акыга көнүл буруу). (5 минут маалымат берүүчү Н.Эшимбаев).
Ар-түрдүү маселелер (ички каналдарды 2015-жылдын сугат мезгилине даярдоо, ички каналдардын боюнда эгилген тал-теректерди алуу жана ички каналдарды ашар ыкмасында элдин жардамы менен тазалоо, ички каналдардын бетондук бөлүктөрүн жана суу бөлүүчү дарбазаларын бузгандарга штрафттык жазаларды колдонуу, суу пайдалануучуларды убагында сугат суу менен камсыз кылуу.) Ноокат райондук суу чарба адистери тарабынан маалыматын угуу. Кадырлар маселеси боюнча суроолор жана башка кошумча маселелер.
Угулду: «Ходжо-Арык» СПАнын кенешинин төрагасы жыйынды баштоо менен 2014-жылдагы аткарылган жумуштар боюнча кыска айтып, сөз кезегин СПАнын жетекчиси М.Алайчиевге берди. Ал өз отчетунда 2014-жылда бардык ички каналдарды ондоого кеткен чыгымдарга, насыя төлөмдөр жана ар бир айылдагы суу пайдалануучуларда калган суунун карыздары боюнча отчетун айтып өттү.
Суроо: Мурзаев Муктар Ынтымак айылынын тургуну- суугут мезгилинде эмне үчүн Абшырсайдын суусун Төөлөскө бересинер?
Суроо: Эшанкулов Ыманали Кызыл-Булак айылынын тургуну- мураптардын эмгек акысынын жана суугат суунун кызмат акысын көтөрүү боюнча .
Суроо: Акунов Абдиллазиз Арык-Боюу айылынын тургуну- Абшырсайга дамба куруу боюнча.
Суроо: Исаков Абдивали Кызыл-Булак айылынын тургуну- эмне үчүн суунун кызмат акысы көп, азайтса болбойбу?
Суроо: Сатаров Убайдилла Кереге-Таш айылынын тургуну-дамбаны долбоорго киргисе болбойбу?
Жооп катары СПАнын жетекчиси М.Алайчиев Ноокат районундагы СПАларды өнүктүрүү боюнча башкы адис Касымов Азамат чыгып Абшырсай дарыясынын суу кезегин берүү боюнча мамлекеттин менчиги болгондуктан мамлекет көзөмөл кыла тургандыгын Ходжа каналында 9 даана сел өткөрүүчү курулмалар бар экендигин жана каналдын көпчүлүк бөлүмү жер канал болгондуктан суу жоготуулары көп экендигине токтолушту.
Андан кийин сөзгө чыккан Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Раимбердиев Досмухаммед Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Мадимаров Нуридин ички каналдардын абалы бүгүнкү күндө начар экендигин жана долбоорлор боюнча иш алып барып жатышкандыгын айтып өтүштү. Насыя төлөмдөрүн кайтаруу боюнча СПАнын жетекчиси М.Алайичев 100 % техникалык насыяга алынган каражаттарды жана анын келишимдеги графикке карай төлөө боюнча жана 2015-жылга каралган ички каналдарын сугат мезгилине даярдоо жагынан жыйындын катышуучуларына маалыматын берди. Суроо жооптор болду.
Андан кийин СПАнын эсепчиси Эшимбаев Нуркамил СПАнын 2015-жылга каралган киреше жана чыгаша болгон божомол бюджеттик иш-планын жыйындын катышуучуларына билдирип, 1 га суугат жер аянтына 600 (алты жүз сомдон) өзгөрүлбөстүгүн жана 1 сотых тамарка жер бөлүмүнө 10 (он сомдон) туура келе тургандыгын билдирди.
Ар түрдүү маселелер боюнча Касымов Азамат, Алайчиев Мурзали 2015-жылына сугат суунун көлөмүн аз болушу ички арыктарды чабуу Кереге-Таш латок 1, Арыкбоюу ички каналдарын кезектеги ондоодон өткөрүү арыктын боюндагы тал-теректерди алуу насосторду тартипке салуу жана башка маселелер боюнча өз ойлорун билдиришти.
Жарыш сөзгө чыккан жолдоштор: Назиров Абсамат, Зулуев Жаанбай, Муратов Акмат, Эшанкулов Ыманали, Мурзаев Муктар өз ойлорун жана сунуштарын билдирип өтүштү.
Ходжа-Арык СПАнын жалпы өкүлдөр жыйынын жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ходжа-Арык СПАнын бир жылдык аткарган жумуштарындагы кемчилдиктерини эске алуу менен канааттандыраалык деп табылсын.
2015-жылда суу пайдалануучулар менен толук келишим түзүп, кенлишимдин негизинде иш жүргүзүү ички каналдарды суугат мезгилине чейин кезектеги ондоодон өткөрүү. Мураптар тарабынан СПА мүчөлөрүнө сугат суусун берүүнүн күнүмдүк журналын жүргүзүү иштеринин аткарылышын камсыздоо жагы СПАнын жетекчиси Алайчиев Мурзалиге тапшырылсын.
100% жана 50% техникалык насыя төлөмдөрү келишимдеги кайтаруу графигине карай кечиктирбей төлөө жагын эске алып СПАнын жетекчиси Алайчиев Мурзалиге тапшырылып, аны көзөмөлдөө жагы СПАнын кенешинин төрагасы Көчкөнов Даниярга милдеттендирилсин.
Ходжа-Арык СПАсынын 2015-жылга каралган ички каналдарды сугат мезгилине даярдоо боюнча иш-планы бекитилсин.
Ходжа-Арык СПАнын 2015-жылга каралган божомол бюджеттик иш планын киреше жана чыгаша болгон 1090000 сом бекитилсин. Бюджеттик иш планына негиз сугат сууга көрсөткөн кызмат акы 1 гектерге сугат аянтына 600 сомдон өзгөртүүсүз калтырылсын. Ар бир тамаркага көлөмүнө жараша 1 сотых жер аянтына 10 сомдон бир жылына кызмат акы өзгөртүүсүз калтырылсын.
Айып жазаларын колдонуу максатында өз алдынча сугат сууну уурдагандарга 5000 мин сом суу бөлүүчү курулмаларды жана каналдын бетондук бөлүктөрүн руксатсыз жана мыйзамсыз бузгандарга жана тешкендерге баланстык баасын 2 эселетип төлөп берүү жагы каралсын.
Ички суугат тармактарын жазгы суугат мезгилине даярдоо ашар ыкмасында жана кезектеги ондоо боюнча жер-жерлерде график түзүү жагынан СПанын жетекчиси Алайчиев Мурзалиге милдеттендирилсин.
Элди ашарга чакыруу жана мобилизациялоо жагынан Т.Кулатов атындагы жана Ынтымак айыл аймактары тарабынан жакындан жардам көрсөтүү жагын суралсын.
Долбоорлорду тартуу жана иш-чараларды алып баруу жагынан СПАнын жетекчиси Алайчиев Мурзалиге тапшырылсын.
Жогорудагы токтомдордун аткарылышы жана СПАнын иш аракетине көзөмөл жүргүзүү жагынан СПАнын кенешинин төрагасы Көчкөнов Даниярга жүктөлсүн.
Төрага | Д.Көчкөнов |
Катчысы | Н.Эшимбаев |