Редакцияот 07.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат районундагы Кыргыз - Ата айылдык округдук Кеңешинин (бешинчи шайланган) кезектеги алтынчы сессиясы

 

2013-жылдын 7-майы № 6-13

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин токтомдорун 2013-жылдын 1-мартынан тартып мамлекетик тилде каттодон өткөрүү жөнүндө

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин токтомдорун 2013-жылдын 1-мартынан тартып мамлекеттик тилде каттоодон өткөрүү жөнүндөгү маселени айылдык кснештин сессиясында карап чыгып, Кыргыз Республикасынын "Ченемди укуктук актылары жөнүндө" мыйзамынын 26-беренесиндсги өзгөртүүлөрүнө ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына  байланыштуу  Кыргыз-Ата  айылдык  кеңешинин токтомдору Кыргыз Республикасынын "Ченемди укуктук актылары жөнүндө" мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөрүнө ылайык      2013-жылдын 1-мартынан тартып мамлекеттик тилде каттоодон өткөрүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жаыа каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары

К. Назарбаев