Редакцияот 19.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 15-сессиясы

 

2015-жылдын 19-февралы № 15-8

Араван райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Э. Мамытовдун  каты жөнүндө

Араван райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Э. Мамытовдун Араван районунун маданият үйүндө райондун өспүрүм балдары спорттун бокс жана кик-бокс түрлөрү боюнча машыгуусу үчүн ачылган спорт клубуна спорттук эмеректер, шаймандар менен камсыз кылуу акча каражатынан жардам берүү жөнүндөгү 17.02.2015-жылдагы чыгуу №07-саны менен катталган катын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат

ТОКТОМ:

1. Араван райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнө  Араван районунун маданият үйүндө райондун өспүрүм балдары спорттун бокс жана кик-бокс түрлөрү боюнча машыгуусу үчүн ачылган спорт клубуна спорттук эмеректер, шаймандар менен камсыз кылууга  айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 15000 (он беш миң) сом акча каражат ажыратууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Маннанов