Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-апрели № 16-8
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн №35-үйүнүн тургуну Каюмова Раиса Нурдинжановнанын арызы жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн №35-үйүнүн тургуну Каюмова Раиса Нурдинжановнанын айыл Өкмөтүнүн Мончок Төбө участкасындагы №407 сандуу контурдагы 9,8 га жана №754 сандуу контурдагы 7,7 га, жалпы аянты 17,5 га жер тилкесин өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндөгү арызын карап, арыз боюнча топтолгон документтерди үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 32-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №306-токтому менен бекитилген «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн №35-үйүнүн тургуну Каюмова Раиса Нурдинжановнага айыл Өкмөтүнүн Мончок Төбө участкасындагы №407 сандуу контурдагы 9,8 га жана №754 сандуу контурдагы 7,7 га, жалпы аянты 17,5 га асылдуулугу төмөн болгон жер тилкесин өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүп пайдалануу үчүн берүүгө маакулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн укуктук-ченемдик актыларынын талаптарына ылайык айыл Өкмөтүнүн Мончок Төбө участкасындагы №407 сандуу контурдагы 9,8 га жана №754 сандуу контурдагы 7,7 га, жалпы аянты 17,5 га асылдуулугу төмөн болгон жер тилкесин Каюмова Раиса Нурдинжановнага өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүп, пайдалануу үчүн бекитип берүү С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |