Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-апрели № 16-9
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Навбахор көчөсүнүн №45-үйүнүн тургуну Мирзахмедова Барнохан Абдалимовнанын арызын кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Навбахор көчөсүнүн №45-үйүнүн тургуну Мирзахмедова Барнохан Абдалимовнанын Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндө жайгашкан жеке менчик автоунааларды боечу цехин ордуна курулуштук багытын өзгөртүп, автоунаа тетиктерин сатуучу дүкөн жана коомдук ашкана курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин 49-беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. Араван айылынын Навбахор көчөсүнүн №45-үйүнүн тургуну Мирзахмедова Барнохан Абдалимовнанын Араван айылынын Б. Айдаров көчөсүндө жайгашкан жеке менчик автоунааларды боечу цехин ордуна курулуштук багытын өзгөртүп, автоунаа тетиктерин сатуучу дүкөн жана коомдук ашкана курууга маакулдук берилсин.
2. Мирзахмедова Барнохан Абдалимовнанын жеке менчик автоунааларды боечу цехин ордуна курулуштук багытын өзгөртүп автоунаа тетиктерин сатуучу дүкөн жана коомдук ашкана куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда менчик ээсине мыйзамдаштырып берүү жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |