Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-апрели № 16-11
С. Юсупова айыл Өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын тургуну Суюнбаев Мариптин арызы жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын тургуну Суюнбаев Мариптин айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фонд (кайра бөлүштүрүү фонд) жерлеринен ижарага алган Ак-шар участкасындагы 3 га жердин түшүмдүүлүгү аз болуп, сугат суу тартыш болгондугуна байланыштуу 2015-жылга түзүлгөн келишимдеги ар бир гектар жердин 3600 сом ижара акын төмөндөтүп, жылдык ижара акын 2000 сом кылып берүүнү суранып жазган арызын угуп жана талкуулап, арыз боюнча айыл Өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселери боюнча башкы адиси А. Мамаджановдун билдирүүсү боюнча депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-жылдагы №1997-III токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу» типтүү жобонун 5, 7-беренелеринин жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнө караштуу Октябрь айылынын тургуну Суюнбаев Мариптин айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фонд (кайра бөлүштүрүү фонд) жерлеринен ижарага алган Ак-шар участкасындагы 3 га жердин ар бир гектар жердин ижара акысы 2015-жыл үчүн 3600 (үч миң) сомдон төмөндөтүлүп, жылдык ижара акы ар бир гектары 2000 (эки миң) сом болуп белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу С. Юсупова айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
3 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |