Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-апрели № 16-12
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн мамлекеттик фонд жерлерине таандык болгон №257-контурдагы 0,80 га сугат айдоо жерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтү коңшу республикалар менен чектеш болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө караштуу болгон «Араван чек ара» тозотун (заставасы) курууга 2024-аскер бөлүгүнүн саркери полковник З. Кадыровдун кайрылуусу боюнча айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фонд жерлерине таандык болгон №257-контурдагы 0,80 га сугат айдоо жерди которуу (трансформациялоо) боюнча депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» №257-Мыйзамыны жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн мамлекеттик фонд жерлерине таандык болгон №257-контурдагы 0,80 сугат айдоо жерди «Араван чек ара» тозотун (заставасы) куруу үчүн которууга (трансформациялоо) маакулдук берилсин.
2 .С. Юсупова айыл Өкмөтүнө айыл Өкмөтүнүн мамлекеттик фонд жерлерине таандык болгон №257-контурдагы 0,80 сугат айдоо жерди «Араван чек ара» тозотун (заставасы) куруу үчүн которууга (трансформациялоого) зарыл болгон документтерди даярдоо тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | Б. Маннанов |