Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-апрели № 16-13
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо боюнча түзүлгөн комиссиянын инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн актысын бекитүү жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо боюнча түзүлгөн комиссия, «Кыргызмамдолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы менен даярдаган материалдарын, инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн актысын үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн жалпы жер фондусун инвентаризациялоо боюнча түзүлгөн комиссия, «Кыргызмамдолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы менен даярдаган материалдарын, инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн актысы бекитилсин. (Акты тиркелет)
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Маннанов |
| С. Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 16-сессиясынын №16-13-токтомуна тиркеме |
Араван айылы « 18» декабрь 2014ж.
Бул акт Ош облусунун Араван районунун С.юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-ноябрындагы №61 буйругу менен жер фондусунун жерлерине инвентаризация жүргүзү боюнча жумушчу топтун курамы тарабынан түзүлдү:
Давидов И. – С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары комиссиянын төрагасы.
Мүчөлөрү:
Б.Абдуллаев- Пахта-Арал айылынын айыл башчысы.
С.Нурдинов- Кызыл-Төбө айылынын айыл башчысы.
Т.Ахматохунов- Бирлик айылынын айыл башчысы.
М.Суюнбаев- Октябрь айылынын айыл башчысы.
О.Эргашев- Нооруз айылынын айыл башчысы.
Б.Маннанов- Айылдык Кеңешинин төрагасы
А.Мамажанов- Жер адис
А.Мирзакимов- Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкананын бөлүм башчысы.
С.Муталипов - Араван райондук мамкаттонун адиси.
Анткени 2013-жылдары С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарын жүргүзүү үчүн жерге ,талаада изилдөө жумуштары жүргүзүлдү. Натыйжада инвентаризациялоонун жыйынтыгы төмөндөгүдөй болуп аныкталды:
№ | Жердин түрлөрүн жана категориясын аталышы | Аянт га |
1. | Айыл чарба багытындагы жерлер | 6585 |
2. | Айдоо-(баардыгы) | 2125 |
3. | Анын ичинен: сугат айдоо | 1784 |
4. | Кайрак айдоо | 377 |
5. | Коп жылдык бак - дарактар | 79 |
6. | Анын ичинен бактар | 67 |
7. | Кысыр аңыз бардыгы | 107 |
8. | Анын ичинен сулуу кысыр аңыз | - |
9. | Чоп чабындылар | - |
10. | Жайыттар | 3075 |
11. | Мелиартивдик даярдоодогу жерлер | - |
12. | Коллективдик бактар | - |
13. | Коллективдик огороддор | - |
14. | Токой аянттары | - |
15. | Талаа сактоочу токой тилкелери | - |
16. | Бадалдар | 5 |
17. | Саздар | - |
18. | Суу астындагы жерлер | 83 |
19. | Жолдор прогондор | 80 |
20. | Курулуштар | 36 |
21. | Башка жерлер | 995 |
22. | Калктуу конуштун жерлери | 673 |
23. | Өнөр жай, транспорт, байланыш коргоо ж.б.жерлери | - |
24. | Өзгөчө коруктагы жаратылыш аймагынын жерлери | - |
25. | Токой фондунун жерлери | 2784 |
26. | Суу фондунун жерлери | 38 |
27. | Запастагы жерлер | 8136 |
28. | Жерлердин жыйынтыгы (I+II+III+IV+V+VI+VII) | 18216 |
Жер фондусуна жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгынын материалдары бекитилсин деп төмөндөгү жумушчу топтун кол тамгалары .
Төрагасы: | Давидов И. |
Мүчөлөрү: Б.Абдуллаев
С.Нурдинов
Т.Ахматохунов
М.Суюнбаев
О.Эргашев
Б.Маннанов
А.Мамажанов
А.Мирзакимов
С.Муталипов
Бул акт үч нускада түзүлүп, биринчиси Араван мамкаттосуна, экинчиси айыл өкмөтүнө, үчүнчүсү «Кыргызмамжердолбоор» институтуна тапшырылсын.