Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июну № 17-2
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн тургундарынын жана дыйкандарынын атынан жазылган арызды кароо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн тургундарынын жана дыйкандарынын айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы «Мөмө-Жемиш» базарында болуп жаткан түнкү дүң базарга тосколдуктар болгондугуна байланыштуу, дыйкандарга ыңгайлуу болгон жерден түнкү дүң базары үчүн жай ажыратып берүү боюнча жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 20.03.2002-жылдагы «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» Мыйзамынын жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн тургундарынын жана дыйкандарынын 10.06.2015-жылдагы арызы эске алынсын.
2 .С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы «Мөмө-Жемиш» базарында болуп жаткан айыл чарба продукциялары жана мөмө-жемиш сатылуучу түнкү дүң базар, Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү элдин үлүшү эсептелген мурдагы колхоздун чарбалык кампалары жайгашкан жерге үлүш ээлеринин макулдугу менен көчүрүлсүн.
3 .Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү элдин үлүшү эсептелген мурдагы колхоздун чарбалык кампалары жайгашкан жерде айыл чарба продукциялары жана мөмө-жемиш сатылуучу түнкү дүң базарында дыйкан чарбалар үчүн ыңгайлуу шарттарды жаратып берүү С. Юсупова айыл Өкмөтүнө сунушталсын.
4 .Араван айылындагы «Мөмө-Жемиш» базарында болуп жаткан айыл чарба продукциялары жана мөмө-жемиш сатылуучу түнкү дүң базар, Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү элдин үлүшү эсептелген мурдагы колхоздун чарбалык кампалары жайгашкан жерде болуп жаткандыгы боюнча райондук массалык маалымат каражаттарында жарнамалар жана кулактандыруулар берилсин.
5 .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин социалдык, маданий жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Маннанов |