Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июну № 17-3
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы «Мөмө-Жемиш» базарынын башчысы Ю. Мадрахимовдун арызы жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы «Мөмө-Жемиш» базарынын башчысы Ю. Мадрахимовдун Араван айылындагы «Мөмө-Жемиш» базарында болуп жаткан айыл чарба продукциялары жана мөмө-жемиш сатылуучу түнкү дүң базар, Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү элдин үлүшү эсептелген мурдагы колхоздун чарбалык кампалары жайгашкан жерге көчүрүлгөндүгүнө байланыштуу, ал жерде түңкү дүң базарды уюштуруу боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы «Мөмө-Жемиш» базарынын башчысы Ю. Мадрахимовдун арызы эске алынсын.
2 .Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү элдин үлүшү эсептелген мурдагы колхоздун чарбалык кампалары жайгашкан жерде айыл чарба продукциялары жана мөмө-жемиш сатылуучу түнкү дүң базарын уюштуруу боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө макулдук берилсин.
3 .Араван айылындагы «Мөмө-Жемиш» базарынын башчысы Ю. Мадрахимов түнкү дүң базарын уюштуруу боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен үлүш ээлери менен өз убагында келишимдерди түзүү, келишимдин шарттарын толук аткаруу жана келишимде белгиленген ижара акыларын өз убагында төлөөгө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин социалдык, маданий жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Маннанов |