Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июну № 17-4
Араван районунун Мангыт айылынын тургуну Жусупов Тойчубек Аматовичтин арызы жөнүндө
Араван районунун Мангыт айылынын тургуну Жусупов Тойчубек Аматовичтин С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Кок-сарай участкасындагы жеке менчик жана көп жылдык мөөнөт менен ижара алган кайрак жерге суу чыгаруу үчүн, трансформатор орнотууга жер ажыратып берүүнү суранып жазгын арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Араван районунун Мангыт айылынын тургуну Жусупов Тойчубек Аматовичке С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Кок-сарай участкасындагы жерлерге суу чыгарууга трансформатор орнотуу үчүн жер ажыратууга макулдук берилсин.
2. Жусупов Тойчубек Аматовичке трансформатор орнотуу үчүн жер ажыратуу маселеси С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштырып берүү жагы сунушталсын.
3 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |