Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июну № 17-5
Чек Абад айыл өкмөтүнүн тургуну Тулкибаева Саодатхондын арызы жөнүндө
Чек Абад айыл өкмөтүнүн тургуну Тулкибаева Саодатхондын С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Абдулла көчөсүндөгү жеке менчик 1186 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн, 78 м2 жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп, соода дүкөнү курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49- беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
Чек Абад айыл өкмөтүнүн тургуну Тулкибаева Саодатхонга С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын Х. Абдулла көчөсүндөгү жеке менчик 1186 м2 жер аянтындагы турак үйүнүн, 78 м2 жер аянтын курулуштук багытын өзгөртүп, соода дүкөнү курууга макулдук берилсин.
Тулкибаева Саодатхондын жеке менчик үйүнүн ажыратылган жердин курулуштук багытын өзгөртүп, соода дүкөнү куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |