Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июну № 17-6
Чек Абад айыл өкмөтүнүн тургуну Кудайназаров Аширалинин арызы жөнүндө
Чек Абад айыл өкмөтүнүн тургуну Кудайназаров Аширалинин С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын М. Курбанов көчөсүндөгү жеке менчик 2020 м2 жер аянтын жана ошол жерде жайгашкан жалпы аянты 797,74 м2 турак үй эмес имараттын курулуштук багытын өзгөртүп, турак үйгө курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”нин 49- беренесинин 6-пункутун жетекчиликке алып, С.Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. Чек Абад айыл өкмөтүнүн тургуну Кудайназаров Аширалинин С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын М. Курбанов көчөсүндөгү жеке менчик 2020 м2 жер аянтын жана ошол жерде жайгашкан жалпы аянты 797,74 м2 турак үй эмес имараттын курулуштук багытын өзгөртүп, турак үйгө курууга макулдук берилсин.
2. Кудайназаров Аширалинин жеке менчик жерин жана жердеги имаратты курулуштук багытын өзгөртүп, турак үй куруу маселеси С.Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда мыйзамдаштыруу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Маннанов |