Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июлу № 18/1
«КР Бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Мыйзамынын 17-статьясына ылайык» 2015 жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрү менен такталган план киргизүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХVIII кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бекитилген бюджетине сметасына, 2015-жылдын киреше бөлүгүнө 6 айдын жыйынтыгы менен өзгөртүүлөрү менен такталган пландын эсебинен Сопу Коргон айылындагы суу түтүкчөлөрүн ремонттоо үчүн 200,0 сом бөлүнүп берилсин Сметага өзгөртүү киргизип берүү жагы расчеттун негизинде райондук Финансы бөлүмүнөн суралсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Кайыровго милдеттендирилсин
Төрага | Ч.Канкиева |