Редакцияот 14.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  (V- шайланган)  кезектеги   ХVII-  сессиясы

 

2015-жылдын 14-марты № 17

Жийде айылындагы  № 10  К. Ботояров атындагы орто  мектебинин  территориясынан кичи футболдук  аянтча куруу үчүн  жер тилкесин  бөлүп берүү жөнүндө

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  ( V- шайланган ) кезектеги  ХVII-  сессиясынын  күн тартибиндеги  Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн  Жийде  айылындагы № 10 К. Ботояров  атындагы орто мектебинин территориясынан  кичи  футбол  аянтчасын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү маселесин угуп  жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жийде  айылындагы № 10 К. Ботояров  атындагы орто мектебинин территориясынан  кичи  футбол  аянтчасын куруу үчүн  0,12 га жер тилкеси    бөлүнүп берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы жер жана турак жай  маселелери  боюнча  туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин

 

Төрага

С. Курманбеков