Редакцияот 14.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  (V- шайланган)  кезектеги   ХVII-  сессиясы

 

2015-жылдын 14-марты № 17-1

Жийде айылындагы № 10 К. Ботояров атындагы орто мектепке негизги жолдон мектепке чейинки аралыктагы жолду ондого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  ( V- шайланган ) кезектеги  ХVII-  сессиясынын  күн тартибиндеги Жийде айылындагы  № 10  К. Ботояров  атындагы орто   мектепке  негизги  жолдон мектепке чейинки аралыктагы жолду ондого акча каражатын бөлүп берүү  жөнүндөгү  маселесин угуп  жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жийде айылындагы № 10 К. Ботояров атындагы орто мектепке негизги жолдон мектепке чейинки аралыктагы жолду ондоо үчүн  50  000 ( элүү мин ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Төрага

С. Курманбеков