Редакцияот 11.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ийри-Суу айылдык Кеңешинин  (V- шайланган)  кезексиз  ХVIII-  сессиясы

 

2015-жылдын 11-апрели № 19

Айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого  көчүп кетүүсү жана кайрадан көчүп келүү  мөөнөтүн белгилөө жөнүндө

Ийри-Суу  айылдык  кенешинин (V- шайланган) кезексиз   ХVIII -  сессиясынын    күн тартибиндеги   элдик жыйынынын чечиминин негизинде  айыл аймагындагы мал бакмачылардын  жайлоого  көчүп кетүүсү жана кайрадан көчүп  келүү  мөөнөтүн белгилөө жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап  Ийри-Суу  айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагындагы  мал бакмачылар 2015- жылдын 20- апрелине чейин жакынкы жайытка, 20- майга чейин ортонку  жайытка 20- майдан  кийин жогорку  жайыттарда жатакташсын.

2. 20- апрель айынан аба ырайынын  өзгөрүүсүнө карап 1- майга чейин  мал бакмачылар жайлоого көчүп кетишсин.

3. Мал бакмачылар  20- сентябрь  айынын кийин  жайлоодон көчүп келишсин.

4. Элдик жыйындын чечиминин негизинде  тартип бузууларга жол берген  жарандарга   чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн аксакалдар  сотуна   жүктөлсүн.

 

Төрага

С. Курманбеков