Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июлу № 26
Кыргызстан элинин элдик жыйынынын протоколун кароо жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин ( V- шайланган ) кезексиз XХI - сессиясынын күн тарбибинде Кыргызстан айылынын элдик жыйындын чечиминин негизинде /сөн уулу Жаныш атындагы эскилиги жеткен мектептин имараты боюнча маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылындагы /сөн уулу Жаныш атындагы орто мектебинин 1-2 эскилиги жеткен имараттарын акцион аркылуу сатуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дүйшеевке жүктөлсүн.
2.Эски материалдарын эсептеп , баасын тактап , сатылган материалдарынан түшкөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн эсептик счетуна которуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Айтиевке милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин мыйзам комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С. Курманбеков |