Загрузка документа…
АК-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-июну № 28
«Хан-Теңри» мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 16-июнундагы №01-28/846 катын карап чыгып, жаратылышты сактоо, өнүктүрүү жана табигый ресурстарды эффективдүү пайдалануу максатында Ак-Булуң айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Булуң айыл аймагына караштуу баардыгы 6532,6 га жерди (анын ичинде жайыттар 400 га) «Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркына өткөрүлүп берилсин.
2. Өткөрүлүп бериле турган жайытка жарактуу жерлер жаратылыш паркынын чарбачылык зонасына киргизилсин.
3. Жергиликтүү элдин суроо-талаптарын аткаруу максатында мамагенттиктин жетекчилиги менен макулдашуу баракчасынын негизинде бекитилсин.
4. Ушул токтом «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин.
5. Айылдык кенештин токтомдору Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.
6. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жакуповго жүктөлсүн.
Төрага | О. Ш. Абдылдаев |