ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXХIV СЕССИЯСЫ (III ЧАКЫРЫЛЫШ)
2015-жылдын 27-ноябры № 309
Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелердин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 16-ноябрындагы №441/08-6 Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттуу багыттарын өзгөртүп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 19-ноярындагы №34-токтомун эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ыйык Сулайман-Тоо” коомдук фондуна караштуу Т.Мияшев көчөсүнүн №5-дарегинде жайгашкан 1125,0 чарчы метр жер тилкесин коммерциялык багытынан социалдык багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) тиешелүү иш кагаздарын даярдап токтом чыгаруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (Т.Марифов) укук-күбөлөндүрүүчү иш кагаздарын даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Төрага: | А. Аланов |