ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чангет айыл кеңешинин III-чакырылышынын № 7 сессиясы
2015-жылдын 26-майы № 15
Чангет айыл аймагында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш аракеттердин абалы жөнүндө
Чангет айыл аймагында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш аракеттердин абалы боюнча маселени угуп талкуулап Чангет айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чангет айыл аймагынын кызматкерлери тарабынан калкка ар кандай тараптан кызмат көрсөтүүдө коррупцияга жол бербөө максатында көзөмөлдү жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чангет айылдык Кенешинин бюджет,финансы-экономика мыйзамдуулук жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | С.Абдираимов |