Редакцияот 13.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕМИР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Темир айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын кезекcиз  XVIII-сессиясы

 

2015-жылдын 13-апрели № 12

Жайытка чыккан малдын баасын бекитүү жөнүндө

Эл депутаттарынын Темир айылдык Кеңешинин ХХVI –чакырылышынын  XVIII-кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 30-март 2015-жылдагы Темир айыл өкмөтүнүн жалпы элдик СХОДун чечиминин негизинде жайытка чыккан малдын баасы төмөндөгүдөй бекитилсин:

-  Уй, жылкы – 300 сом

-  Кой, эчки – 50 сом

2. Малчылар тарабынан бекитилген баадан ашык өлчөмдө алган учурлар катталган болсо, жайыт берилбесин.

3. Чечимдин аткарылышы «Жайыт» комитетинин төрагасы К.Мусаевден суралсын.

 

Төрага

К.Чыналиев