Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-декабры № 126/25-26
Айыл-чарба жерлерин кайра бѳлγштγрγγ фондунун жер участокторуна ижара тѳлѳмγн жана аукциондогу баштапкы баасын бекитγγ жѳнγндѳ
Орловка шаарынын мэриясынын жерге жайгаштыруу жетектѳѳчγ адиси Т.Н.Темиркановтын сунушун карап чыгып жана талкуулап, айыл-чарба жерлерин кайра бѳлγштγрγγ фондунун жер участокторун убактылуу пайдалануу γчγн тѳлѳмγн жана аукциондогу баштапкы баасын бекитγγ Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 8 беринесинин 3 бѳлγгγнγн жана №602 03.09.2012ж., Типтγγ жобонун негизинде Орловка шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Белгиленген ижара тѳлѳмγнγн ѳлчѳмγ жана баштапкы баасы тѳмѳнкγ ѳлчѳмдѳ бекитилсин:
1. Сугарылуучу айдоо 1 га γчγн - 1 150 сом.
2. Сугарылбаган айдоо 1 га γчγн - 700 сом.
3. Кѳп жылдык ѳсγмдγктѳр1 га γчγн - 500 сом.
4. Чабынды 1га γчγн - 150 сом.
Аукциондогу бир кадам: айдоого - 100 сом, кѳп жылдык ѳсγмдγктѳргѳ - 100 сом, чабындыга - 50 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышынын кѳзѳмѳлдѳѳсγ Орловка шаарынын Кеңешинин туруктуу жер комиссиясынын тѳрагасы И.А. Борисовго жана Орловка шаарынын мэри Ж.Р. Дуйшебаевге жγктѳлсγн.
Төрага | Б.А. Чанчаров |