Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-сентябры № 63
Ак-Жар айыл ѳкмѳтγнγн 2014-жылдагы жергиликтγγ бюджетине кошумча каражат кароо жѳнγндѳ
Ак-Жар айыл ѳкмѳтγнγн 2014-жылдагы жергиликтγγ бюджетине кошумча каражат кароо боюнча айылдык кеңештин «Бюджет, финансы-экономикалык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын киргизген сунуштарын жана ФЭБ башчысынын билдирγγсγн угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл ѳкмѳтγнγн 2014-жылдагы жергиликтγγ бюджетине кошумча тγшкѳн 240000 сом кирешенин эсебинен 22154900 статьясына б.а 440702125 1000295 айыл ѳкмѳтγнγн аппаратына 110000 сом, жана сапар чыгымы 30000 сом, балдар-бакчасына б.а 4407021251012221 атайын каражатка тамак-аш γчγн 22181100 100000 сом статьясына чыгымдоо γчγн бѳлγнγп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышынын кѳзѳмѳлγ айыл ѳкмѳтγнγн ФЭБ башчысына жана айылдык кеңештин «Бюджет, финансы-экономикалык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына (Турдумамабетов У.) милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Кыдыргычева |