Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 17-июну № 60
Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө
(КР 2002-жылдын 20-мартындагы № 41, 2003-жылдын 15-июлундагы № 150, 2003-жылдын 18-декабрындагы № 236, 2005-жылдын 8-июнундагы № 73, 2005-жылдын 4-июлундагы № 88, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Преамбула КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
I бөлүм Жалпы жоболор
1-статья. Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүнүн принциптери
1. Психиатриялык жардам берүү Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамында жана башка мыйзамдарында белгиленген негиздер боюнча жана тартипте жарандардын психикалык саламаттыгын изилдөөнү, психикалык мандемдүүлүктү диагноздоону профилактикалоону, психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарды дарылоону, багууну, медициналык - социалдык жактан реабилитациялоону камтыйт.
2. Психикалык мандемдүүлүктөн жабыркаган адамдарга писихиатриялык жардам көрсөтүү мамлекет тарабынан кепилденет жана мыйзамдуулуктун, боорукерликтин, гумандуулуктун жана адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
11-статья. Ушул Мыйзамдын предмети
Ушул Мыйзам калкка психиатриялык жардам көрсөтүү чөйрөсүндөгү укуктук, социалдык, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерди, ошондой эле аны көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын кепилдиктерин аныктайт.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Психиатриялык жардам жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Психиатриялык жардам жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Ушул Мыйзамда каралган жарандардын укуктары жана аларга психиатриялык жардам көрсөтүүдө аларды сактоонун кепилдиктери мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларда чектелиши мүмкүн эмес.