Редакцияот 28.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Көк-Бел айылдык кеңешинин кезексиз X-сессиясы

 

2012-жылдын 28-ноябры № X-2

Жер комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө

1. Көк-Бел айылдык округу боюнча кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө, айыл чарба эмес жерлерин сатууда аукцион уюштуруу үчүн жайыт, там арка жерлерин берүүдө өкмөттүн аймагындагы бардык жерге тийиштүү маселелерди чечүү үчүн төмөнкү курамда жер боюнча комиссия түзүлсүн:

1. Казанбеков М – а/к депутаты, комиссиянын төрагасы;

2. Алиев М – жооптуу катчы, комиссиянын катчысы;

мүчөлөрү :

3. Ташбаев М –айылдык округдун башчысынын орун басары;

4. Шерматов Ш – жер боюнча адиси;

5. Абдувапов А – айылдык кенештин депутаты;

6. Манасов Ш- айылдык кенештин депутаты;

7. Якипов Т- айылдык кенештин депутаты;

2. Түзүлгөн комиссияга жер боюнча түз сатуу, аукцион уюштуруу ж.б. бардык жерге тиешелүү маселелерди көзөмөлдөө, чечүүсү милдеттендирилсин.

 

Көк-Бел айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Ч. Тешебаев