Редакцияот 09.11.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын VI сессиясы

2012-жылдын 9-ноябры № 17/6-3

9 айдагы Токмок ш. социалдык – экономикасынын өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2013-жылга милдеттери жөнүндө

Токмок шаарынын мэри А.Н.Оморкановтун “2012-жылдын 9 айдагы Токмок шаарынын социалдык – экономикасынын өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2013-жылга милдеттери жөнүндө” маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаарынын мэри А.Н.Оморкановтун “2012-жылдын 9 айдагы Токмок шаарынын социалдык – экономикасынын өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2013-жылга милдеттери жөнүндө” маалыматы эске алынсын.

2. Токмок шаарынын мэри тарабынан (Оморканов А.Н.), Токмок шаарынын социалдык – экономикасынын өнүгүүсүнүн 2012-жылга пландалган көрсөткүчтөрүн аткаруу боюнча чаралар көрүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин профилдик  туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.

 

Токмок шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Р.Таманбаев