Редакцияот 24.12.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАӉЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаӊы-Арык айылдык кеӊешинин XXVI-чакырылышынын I-сессиясы

 

2012-жылдын 24-декабры № 1/1

Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын тѳрагасын жана тѳраганын орун басарын шайлоо боюнча эсептѳѳ комиссиясын түзүү жѳнүндѳ

Күн тартибиндеги маселе  - 1

1) Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин тѳрагасын жана орун басарын шайлоо боюнча эсептѳѳ комиссиясын дайындоо тууралуу.

Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын I-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI-чакырылышынын депутаттары тарабынан тѳмѳндѳгүдѳй курамдан турган эсептѳѳ комиссиясы түзүлсүн:

а) Г.Бейшенбеков – эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы

б) Д.Шамбеталиева – эсептѳѳ комиссиясынын мүчѳсү

в) Кубанычбек уулу Мирбек – эсептѳѳ комиссиясынын мүчѳсү

2. Түзүлгѳн эсептѳѳ комиссиясына кѳрсѳтүлгѳн талапкерлер үчүн бюллетендерди даярдоо, жабык добуш берүүнү уюштуруу, добуштарды саноо жана жыйынтык боюнча депутаттарга маалымат берүү иштери тапшырылсын.

 

Жаӊы-Арык айылдык

кеңешинин депутаты

 

С.Жусупова