Редакцияот 30.03.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

26-шайланган Эл депутаттарынын Куйручук айылдык Кеңешинин 14-сессиясы

 

2012-жылдын 30-марты № 13

Сессияны Куйручук айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Осмонов алып барды:

     Төраганын орун басары: Урматтуу депутаттар!

Бүгүнкү сессияга 10 депутат катышып отурат. Сессияны ачууга сиздерден кандай сунуштар бар.

Сунуш айтылды “Ачылсын” деген сунуш түштү. Добушка коюлду, каршы , калыс жок сессия ачылды.

Сессиянын күн тартибинде каралуучу маселе:

1. Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын бюджетинин отчетун угуу.

Күн тартибинде каралган маселе боюнча Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Солтоева Ызаткан Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2012-ж. аткарылышы жөнүндө толук маалымат берди.

2012-жылга 8159,5 миң сом каралган. Бюджеттин киреше бөлүгүнөн калган каражат 46155-10 миң сомду түздү жана атайын каражаттын 104 сом 00 тыйын калган.

Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сапаралиевдин бүгүнкү сессияда ушул бюджеттин киреше бөлүгүнөн калган каражатты төмөндөгүдөй чыгымдар сунушталды:

1. Ар кандай чыгымдарга – 16 155 – 10

2. Айылдык Кеңештин кабинетин жасалгалоо үчүн – 30 000 -00

2012-жылга калдык 46 155 -10

Баардыгы – 46 155 -10

Айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сапаралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Куйручук айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгүнөн калган каражат төмөндөгүдөй чыгымдоого жумшалсын.

1. Ар кандай чыгымдарга – 16 155 -10

2. Айылдык Кеңештин кабинетин жасалгалоо үчүн – 30 000 – 00

Баардыгы: 46 155 -10 миң сом.

2. Жогорудагы көрсөтүлгөн 46 155 – 10 миң сомдун чыгымдалышына атайын комиссия түзүлсүн (тиркеме тиркелет).

3. Токтомдун аткарылышын жана туура чыгымдоо жагы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ы.Солтоевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

З. Баисов