Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-майы № 4/1
Жаңы-Арык айыл аймагынын Базар-Турук айылынан «Нарын облусун комплекстуу өнүктүрүү» Программасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана айыл эли тарабынан даярдалган проектилерди кароо боюнча Кординациялык кеңештин курамын бекитүү жөнүндө
Күн тартибинде каралуучу маселе - 1
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын II-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл аймагынын Базар-Турук айылынан «Нарын облусун комплекстуу өнүктүрүү» Программасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана айыл эли тарабынан даярдалган проектилерди кароо боюнча Базар-Турук айылынын тургундарынын 08.05.2014-жылдагы протоколунун негизинде сунуш кылынган Кординациялык кеңештин курамы бекитилсин;
2. Координациялык кеңештин курамы төмөндөгү адамдардан турсун:
a. Медербеков Султан - карыялар кеңешинен
b. Шамбеталиева Дамира - айылдык кеңештин депутаты
c. Молдобазаров Руслан - айылдык кеңештин депутаты
d. Ашыркожоева Айнаш - аялдар комитетинен
e. Нургазиев Булатбек - жаштар уюмунан
f. Доолотбек уулу Омурбек - жаштар уюмунан
g. Бейшеналиев Кулчоро- айыл өкмөтүнөн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кадиевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин тѳрайымы |
Б. Жумаева |