Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-июлу № 5/1
(Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин алты айлык отчету жөнүндө)
Күн тартибинде каралуучу маселе - 3
1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин алты айлык отчету ошондой эле, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, арык-каналдардын, өткөөлдөрдүн жана корук көчүп-көнүүнүн абалдары боюнча маалымат;
2. Айыл тургундарынын кайрылуу, суроо-талаптарын сессияда кароо;
3. Комитеттердин иш пландарын кароо;
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматтарын, айылдык Кеңештин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн вет адисинин , соц. патронаждын, маданият үйүнүн башчысынын, Кызыл-Эмгек айылынын айыл башчысынын 6 айлык иши канааттандырарлык деп табылсын жана жайыт комитетинин маалыматы канааттандырарлык эмес болгондуктан кийинки сессияда толук маалыматы угулсун;
2. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн салык инспектору Т.Акшарова, жер адиси К.Коктаев, айыл башчылар К.Саралаев, К.Бейшеналиевдин маалыматтары кийинки сессияга калтырылсын;
3. Вет. аптека ачуу, вет адистерди бюджеттик негизде даярдоо боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кадиевге сунуш кылынат;
4. Маданият үйүнүн башчысын С.Смановага кийинки жылдарга мекемелерден эмес эл ичинен онорпоз адамдарды алып чыгуу жагын колго алуу жагы тапшырылсын. Ошондой эле, стимулгрантты жакшы сапатта кабыл алуу жана иштин жүрүшүн көзөлмөлдөө дефектный акт кабыл алган комиссияга сунушталат (Ж.Альканов, Т.Смадияров, С.Жусупова, К.Кадиев жана С.Сманова);
5. Жайыт жерлери боюнча чабынды жерлер боюнча чөп чабуу (Килемче ортонку жайытында) Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө, айыл башчыларынын, жайыт комитетинин төрагасынын кароосуна коюлуп, жообу кийинки сессияда кагаз жүзүндө берилсин;
6. Жайыт комитетине Мегакос, Билайн, О! уюлдук компаниялары боюнча келишимди мөөнөтү бүткөнүнө жараша сессияга коюп туруу жагы тапшырылсын;
7. Вет адис, Жайыт комитети, айыл өкмөтү менен биргеликте айыл ичиндеги малдын санын тактоо иштерин жүргүзүлсүн.
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин тѳрайымы |
Б. Жумаева |