Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-ноябры № 8/3
2014-жылдагы кабыл алынган Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн бюджетинин статьяларына өзгөртүү киргизүүнү жана бала бакчанын ремонтуна бөлүнгөн акча каражатынан, кичи футбол аянтчасын курууга акча каражатын которууну кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кадиевдин, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Султанкадыровдун маалыматтарын угуп жана Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин XXVI-чакырылышынын IV-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы кабыл алынган бюджетинин статьяларына өзгөртүү киргизүүнү жана бала бакчанын ремонтуна бөлүнгөн 150 мин сомдон, кичи футбол аянтчасын курууга акча каражатын которуу жөнүндө маселе айылдык кеңештин финансы-экономикалык комиссиясында каралып, 2 (эки) жумалык мөөнөттө айылдык Кенештин төрайымына жана айыл өкмөтүнө кагаз жүзүндө сунуш берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин финансы-экономикалык комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Арык айылдык кеңешинин тѳрайымы |
Б. Жумаева |